# 6-берене. Аксакалдар сотторунун функциялары

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 6-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-6

---

Аксакалдар соттору төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) жарандардын арызы боюнча (тараптардын макулдугу менен) мыйзамдарда кылмыш-жаза жосунуна жана укук бузууларга кирбеген мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча иштерди кароо жана чечүү;

2) жергиликтүү соттор тарабынан жарандык процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте жиберилүүчү жарандык иштер боюнча иштерди (материалдарды) кароо жана чечүү;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жергиликтүү коомдоштук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймактардын чегинде белгиленген тартиптерди жана эрежелерди жарандар жана юридикалык жактар сактабаган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жиберүүчү материалдарды кароо;

4) укук бузууларды жалпы жана жекече алдын алууну жүргүзүүгө, социалдык чыр-чатактарды алардын келип чыгышынын баштапкы этабында жоюуга катышуу;

5) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле кошуналардын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо жана чечүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-7)
