# 43-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 43-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-43

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин түзүлгөн аксакалдар соттору ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин иштеп жаткандардын статусун сактап калат.

3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 378-ст.);

2) "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 499-ст.);

3) "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-июнундагы № 181 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 555-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 955-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 720-ст.);

6) "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 297-ст.);

7) "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 291-ст.).

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 27-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-42)
