# 41-берене. Аксакалдар соттору караган иштердин материалдарын сактоо

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 41-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-41

---

1. Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын) иш кагаздарын жана статистикасын жүргүзөт.

2. Аксакалдар сотторунун өндүрүшүнүн материалдары аксакалдар сотунун ыйгарым укуктары аяктаганга чейин сакталат.

Аксакалдар сотторунун иш кагаздарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик аксакалдар сотторунун төрагаларына жүктөлөт.

3. Укук коргоо органдарынын жана (алардын) кызмат адамдарынын талабы боюнча иш аларга колтамга койдуруу менен берилет. Каралган иштер боюнча маалыматтар жана маалымат жашыруун болуп саналат.

4. Аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктары аяктагандан кийин материалдар (иштер) сактоо үчүн архивдик иш маселелери боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдарына өткөрүлүп берилет.

5. Аксакалдар соттору жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, Аксакалдар сотторунун кеңештерине статистикалык маалыматты берет.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-42)
