# 40-берене. Аксакалдар сотторунун отчеттуулугу

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 40-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-40

---

1. Аксакалдар соттору каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.

2. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө тиешелүү аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет берет.

3. Аксакалдар соттору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Аксакалдар сотторунун кеңешине (эгерде болсо) өзүнүн иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес маалымат берет.

4. Аксакалдар соттору өз иши жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сайтына мезгил-мезгили менен жарыялап турат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-41)
