# 4-берене. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизи

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 4-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-4

---

1. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.

2. Аксакалдар соттору өзүнүн ишинде ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерди жетекчиликке алат.

3. Аксакалдар соттору аткаруучу милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Аксакалдар сотторунун типтүү регламентинин негизинде жергиликтүү кеңеш кабыл алуучу аксакалдар сотунун регламентинин негизинде жүргүзүлөт.

4. Аксакалдар соттору иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашыруусуна ар кандай кийлигишүүлөргө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-5)
