# 37-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 37-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-37

---

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө маселе чечим пайдасына чыгарылган тараптын арызы боюнча райондук же шаардык сот тарабынан каралат.

2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз чечимди аткаруу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү колтамга коёт.

3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) чечимди кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, анын турган жери;

3) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталыштары, алардын турган жери;

4) аксакалдар соту чечим кабыл алган дата жана жер;

5) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө өндүрүп алуучунун талабы.

4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) аксакалдар сотунун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) аксакалдар сотунун чечимин аткарбай коюуну ырастаган документтер;

3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн ырастаган тапшыруу жөнүндө билдирүү же башка документ;

4) арызга колтамга коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-38)
