Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
37-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 6-глава
1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө маселе чечим пайдасына чыгарылган тараптын арызы боюнча райондук же шаардык сот тарабынан каралат.
2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз чечимди аткаруу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү колтамга коёт.
3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;
2) чечимди кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, анын турган жери;
3) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталыштары, алардын турган жери;
4) аксакалдар соту чечим кабыл алган дата жана жер;
5) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө өндүрүп алуучунун талабы.
4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечимин аткарбай коюуну ырастаган документтер;
3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн ырастаган тапшыруу жөнүндө билдирүү же башка документ;
4) арызга колтамга коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-37" title="37-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>