# 36-берене. Аксакалдар сотторунун чечимдерин аткаруу тартиби

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 36-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-36

---

1. Каралган иш боюнча жоопкерди белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттендирген аксакалдар сотунун чечими ушул Мыйзамдын алкагында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

2. Аксакалдар соту аксакалдар сотунун чечимине ылайык тигил же бул иш-аракеттерди жасоого милдеттүү болгон адам менен алдын алуучу маектешүүнү жана аксакалдар сотунун чечимин аткаруунун зарылдыгы жөнүндө эске салуу аркылуу өз чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

3. Адам аксакалдар сотунун чечиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө аксакалдар сотунун чечимин аткарбаган учурда, аксакалдар соту чечим анын пайдасына кабыл алынган адамга аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө сотко кайрылууну сунуштайт.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-37)
