# 35-берене. Аксакалдар сотунун чечимдерине даттануу тартиби

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 35-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-35

---

1. Аксакалдар сотунун чечимине өзүнө карата чечим чыгарылган адам же ишке катышкан башка кызыкдар жактар чечим чыгарылган күндөн тартып 10 күндүн ичинде даттана алат.

2. Аксакалдар сотунун чечимине даттанууну тараптар аксакалдар соту түзүлгөн аймактагы райондук же шаардык сотко Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте берет.

3. Даттануу Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик мыйзамдарында аныкталган тартипте жана мөөнөттө каралат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-36)
