# 34-берене. Таасир этүү чаралары

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 34-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-34

---

1. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй таасир этүү чараларынын бирин колдонуу жөнүндө чечим чыгарышы мүмкүн:

1) коомдук эскертүү берүү;

2) эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;

3) коомдук сөгүш жарыялоо;

4) келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүү;

5) эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктүн наркын көрсөтүү менен мүлктү натуралай берүү.

2. Аксакалдар соту инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же кемсинткен жазалар жөнүндө чечим чыгарууга укуксуз.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук таасир этүү чараларынын тизмеги толук болуп саналат жана кеңири чечмеленүүгө тийиш эмес.

Ушул Мыйзамда каралбаган таасир этүү чаралары колдонулган учурда мындай жаза мыйзамсыз болуп саналат жана аткарылууга тийиш эмес.

4. Өзүнө карата аксакалдар сотунун чечими чыгарылган адам колтамга коюу менен аксакалдар сотунун чечими менен тааныштырылууга тийиш.

5. Аксакалдар сотунун чечими, эгерде ага даттанылбаса, чыгарылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

6. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттө арыз ээсине, материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-35)
