Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
34-берене. Таасир этүү чаралары
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 5-глава
1. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй таасир этүү чараларынын бирин колдонуу жөнүндө чечим чыгарышы мүмкүн:
1) коомдук эскертүү берүү;
2) эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
3) коомдук сөгүш жарыялоо;
4) келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүү;
5) эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктүн наркын көрсөтүү менен мүлктү натуралай берүү.
2. Аксакалдар соту инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же кемсинткен жазалар жөнүндө чечим чыгарууга укуксуз.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук таасир этүү чараларынын тизмеги толук болуп саналат жана кеңири чечмеленүүгө тийиш эмес.
Ушул Мыйзамда каралбаган таасир этүү чаралары колдонулган учурда мындай жаза мыйзамсыз болуп саналат жана аткарылууга тийиш эмес.
4. Өзүнө карата аксакалдар сотунун чечими чыгарылган адам колтамга коюу менен аксакалдар сотунун чечими менен тааныштырылууга тийиш.
5. Аксакалдар сотунун чечими, эгерде ага даттанылбаса, чыгарылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттө арыз ээсине, материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-34" title="34-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>