Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Аксакалдар сотунун чечиминин формасы жана мазмуну
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 4-глава
1. Аксакалдар сотунун чечими жазуу жүзүндө баяндалат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) чечимдин чыгарылган убактысы жана орду, чечимди чыгарган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, ишке катышкан адамдар;
2) талаш-тартыштын предмети же каралып жаткан маселенин мазмуну;
3) аксакалдар соту белгилеген иштин жагдайлары, иштин жагдайлары жөнүндө аксакалдар сотунун тыянактарына негизделген далилдер, аксакалдар соту тигил же бул далилдерди четке каккан жүйөлөр;
4) чечим чыгарууда аксакалдар соту жетекчиликке алган мыйзамдын ченемдери, үрп-адаттар жана салттар;
5) каралып жаткан иш боюнча аксакалдар соту кабыл алган чечим;
6) кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби;
7) чечимдин күчүнө кирүүсүнүн мөөнөтү жана аны аткаруу мөөнөтү.
2. Жүйөлөнгөн чечимди жазуу жүзүндө түзүү 5 күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок аксакалдар сотунун чечиминин резолюциялык бөлүгү жазуу жүзүндө түзүлүүгө жана ишти териштирүү аяктаган ошол эле жыйналышта жарыяланууга тийиш. Ошол эле учурда аксакалдар соту ишке катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү акыркы (жазуу жүзүндө) жүйөлөнгөн чечим менен качан тааныша ала турганын жарыялоого милдеттүү.
Чечимдин жарыяланган резолюциялык бөлүгүнө ошол ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коюуга жана ишке тиркелүүгө тийиш.
3. Чечимге аксакалдар сотунун жыйналышында жарыяланганга чейин төрагалык кылуучу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү колтамга коёт.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-32" title="32-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>