# 30-берене. Чечим чыгаруу

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 30-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-30

---

1. Ишти маңызы боюнча чечкен аксакалдар сотунун актысы чечим формасында чыгарылат. Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышкан соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

2. Добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. Добуштардын саны бирдей болгондо аксакалдар сотунун төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

3. Аксакалдар сотунун чечимине ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коёт.

Чечимге макул болбогон аксакалдар сотунун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндайт. Аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өзгөчө пикири ишти маңызы боюнча чечүүгө таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-31)
