# 28-берене. Ишти (материалды) маңызы боюнча кароо

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 28-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-28

---

1. Четтетүүлөр жана өтүнмөлөр жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу маңызы боюнча иштин жагдайларын баяндайт.

2. Төрагалык кылуучу тараптарга ишти маңызы боюнча кароонун ар кандай этабында тараптар үчүн өз ара алгылыктуу макулдашууну кабыл алуу аркылуу жарашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет.

3. Андан кийин сот арыз ээсинин жана анын тарабында иштин жыйынтыгына кызыкдар болгон жактардын, жоопкердин жана анын тарабында катышкан иштин жыйынтыгына кызыкдар жактардын, ошондой эле ишке катышып жаткан башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат, андан соң иш боюнча берилген материалдарды изилдейт.

4. Кандайдыр бир кошумча маалыматты же маалыматтарды алуу зарыл болгон учурда аксакалдар соту каралып жаткан иштин (материалдын) маңызы боюнча чечим чыгарбастан, жыйналышты кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө жылдырууга укуктуу.

5. Процесстин катышуучулары тарабынан толуктоолор жок болгон учурда, төрагалык кылуучу ишти кароонун аяктаганын жарыялайт жана аксакалдар сотунун курамы ордунда кеңешип же өзүнчө бөлмөгө чыгып чечим кабыл алат.

6. Аксакалдар сотунун чечими аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнүн жана тараптардын катышуусунда жарыяланат.

7. Аксакалдар сотторунда иштерди териштирүү акысыз жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-29)
