# 27-берене. Аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 27-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-27

---

1. Эгерде аксакалдар сотунун мүчөсү талашып-тартышып жаткан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле аксакалдар сотунун мүчөсү иштин жыйынтыгына тикелей же кыйыр түрдө кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болгон учурда, ал ишти (материалды) кароого катышпайт.

2. Аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) ишке катышып жаткан жактардын арызы боюнча;

2) аксакалдар сотунун башка мүчөлөрүнүн арыздары боюнча;

3) аксакалдар сотунун мүчөсүнүн арызы боюнча (өзүн-өзү четтетүү).

Аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү (өзүн-өзү четтетүү) ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин жүйөлөштүрүлүүгө жана билдирилүүгө тийиш.

3. Аксакалдар соту аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү же анын өзүн-өзү четтетүүсү жөнүндө арызды карап чыгат жана анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-28)
