# 23-берене. Аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароого даярдоо боюнча иш-аракеттери

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 23-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-23

---

1. Келип түшкөн арыздарды, иштерди (материалдарды) аксакалдар сотунун өндүрүшүнө алуу жөнүндө же аны кайтарып берүү жөнүндө маселе жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу каттоодон өткөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аксакалдар сотунун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча аксакалдар сотунун мүчөсү, же аксакалдар соту тарабынан коллегиялуу чечилет.

2. Ишти (материалды) иликтөөнүн натыйжасы боюнча корутунду түзүлөт, анда иштин иш жүзүндөгү жагдайлары, аксакалдар сотунун кароосуна тартылып жаткан адамдын ким экени жөнүндө маалыматтар жана аксакалдар сотунун өндүрүшүнө кабыл алуу же аны кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен кайтарып берүү жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.

3. Зарыл болгон учурда иштин маңызы боюнча кошумча материалдар суратылат жана чогултулат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-24)
