# 21-берене. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароо убактысы жана орду

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 21-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-21

---

1. Аксакалдар соттору жыйналыштарды алар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген жайда өткөрөт.

Иштерди (материалдарды) кароонун убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат. Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт.

2. Аксакалдар соттору зарыл болгон учурда иштерди (материалдарды) кароону уюштуруу маселелери боюнча төмөнкүлөргө кайрыла алат:

1) аксакалдар сотунун жыйналышын уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;

2) аксакалдар сотунун жыйналышына жоопкердин келишин камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун жыйналышын өткөрүү убагында коомдук тартипти камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-22)
