21-берене. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароо убактысы жана орду
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 3-глава
1. Аксакалдар соттору жыйналыштарды алар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген жайда өткөрөт.
Иштерди (материалдарды) кароонун убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат. Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт.
2. Аксакалдар соттору зарыл болгон учурда иштерди (материалдарды) кароону уюштуруу маселелери боюнча төмөнкүлөргө кайрыла алат:
1) аксакалдар сотунун жыйналышын уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
2) аксакалдар сотунун жыйналышына жоопкердин келишин камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун жыйналышын өткөрүү убагында коомдук тартипти камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-21" title="21-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>