# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 2-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) мыйзамдуу өкүлдөр - аксакалдар сотунун жыйналышына катышуучу баланын ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү (арыз ээси, жоопкер, күбө), балдарды коргоо боюнча мекемелердин же уюмдардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;

2) арыз ээси - чыр-чатакты чечүү же өз ишин кароо жөнүндө аксакалдар сотуна арыз берген адам;

3) таасир этүү чарасы - аксакалдар сотунун жыйналышында каралып жаткан адамга карата аксакалдар соту чыгарган чечим;

4) үрп-адаттар - адамдардын турмуштук керектөөлөрү менен шартталган, муундан муунга өтүп келе жаткан, алардын жүрүм-турум ченемдери жана эрежелери тууралуу туруктуу, стереотиптик, адеп-ахлактык аныктамалар;

5) аксакалдар сотунун аныктамасы - соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган маселелер боюнча аксакалдар соту чыгарган, бирок ал тарабынан иш маңызы боюнча чечилбеген акт;

6) жоопкер - өзүнө каршы арыз же доо берилген жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн аксакалдар сотунун жыйналышына чакырылган адам;

7) протокол - аксакалдар сотунун жыйналышында орун алган бардык процесстик аракеттер чагылдырылган документ;

8) аксакалдар сотунун чечими - ишти маңызы боюнча кароочу жыйналышта аксакалдар соту чыгарган, бардык тараптар үчүн милдеттүү жана аткарылууга тийиш болгон акт;

9) күбө - иш боюнча көрсөтмөлөрдү же маалыматты берүү үчүн аксакалдар сотунун жыйналышына чакырылган адам;

10) жарашуу жөнүндө макулдашуу - жарашуу жөнүндө тараптардын өз ара алгылыктуу чечими;

11) тараптар - ишти кароо учурунда укуктардын теңдигинин жана атаандаштыктын негизинде аксакалдар сотунун жыйналышына катышкан жактар;

12) салт - элдин топтолгон тажрыйбасынын натыйжасында калыптанган коомдук мамилелердин ченемдери, эрежелери жана үлгүлөрү;

13) аксакалдар сотунун мүчөсү - ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык аксакалдар сотунун курамына шайланган Кыргыз Республикасынын жараны.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-3)
