2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) мыйзамдуу өкүлдөр - аксакалдар сотунун жыйналышына катышуучу баланын ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү (арыз ээси, жоопкер, күбө), балдарды коргоо боюнча мекемелердин же уюмдардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;
2) арыз ээси - чыр-чатакты чечүү же өз ишин кароо жөнүндө аксакалдар сотуна арыз берген адам;
3) таасир этүү чарасы - аксакалдар сотунун жыйналышында каралып жаткан адамга карата аксакалдар соту чыгарган чечим;
4) үрп-адаттар - адамдардын турмуштук керектөөлөрү менен шартталган, муундан муунга өтүп келе жаткан, алардын жүрүм-турум ченемдери жана эрежелери тууралуу туруктуу, стереотиптик, адеп-ахлактык аныктамалар;
5) аксакалдар сотунун аныктамасы - соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган маселелер боюнча аксакалдар соту чыгарган, бирок ал тарабынан иш маңызы боюнча чечилбеген акт;
6) жоопкер - өзүнө каршы арыз же доо берилген жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн аксакалдар сотунун жыйналышына чакырылган адам;
7) протокол - аксакалдар сотунун жыйналышында орун алган бардык процесстик аракеттер чагылдырылган документ;
8) аксакалдар сотунун чечими - ишти маңызы боюнча кароочу жыйналышта аксакалдар соту чыгарган, бардык тараптар үчүн милдеттүү жана аткарылууга тийиш болгон акт;
9) күбө - иш боюнча көрсөтмөлөрдү же маалыматты берүү үчүн аксакалдар сотунун жыйналышына чакырылган адам;
10) жарашуу жөнүндө макулдашуу - жарашуу жөнүндө тараптардын өз ара алгылыктуу чечими;
11) тараптар - ишти кароо учурунда укуктардын теңдигинин жана атаандаштыктын негизинде аксакалдар сотунун жыйналышына катышкан жактар;
12) салт - элдин топтолгон тажрыйбасынын натыйжасында калыптанган коомдук мамилелердин ченемдери, эрежелери жана үлгүлөрү;
13) аксакалдар сотунун мүчөсү - ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык аксакалдар сотунун курамына шайланган Кыргыз Республикасынын жараны.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-2" title="2-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>