Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароодогу ыйгарым укуктары
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 3-глава
1. Аксакалдар соттору жарандардын жана юридикалык жактардын жарандарга карата арыздары боюнча төмөнкүдөй иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:
1) жарандардын үй-бүлөлүк укуктук мамилелеринен келип чыккан, кылмыш жана укук бузуу болуп эсептелбеген талаш-тартыштар боюнча;
2) мүлктүк талаш-тартыштар боюнча;
3) жубайлардын жалпы биргелешкен мүлкүн бөлүштүрүү боюнча;
4) көп батирлүү турак үйдүн жалпы мүлкүн пайдалануу тартибин бузуу маселелери боюнча;
5) жаныбарларды күтүү, анын ичинде көп батирлүү үйдө күтүү эрежелерин бузуу боюнча;
6) жерди пайдалануучулардын ортосунда жер участокторун сугаруу боюнча;
7) жарандык процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү соттор жиберген иштер (материалдар) боюнча;
8) жергиликтүү коомдоштук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында белгиленген тартиптерди жана эрежелерди бузгандыгынын фактылары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жиберген материалдар боюнча.
2. Аксакалдар соттору сот, компетенттүү мамлекеттик органдар чечим чыгарган, өз компетенциясынын чектеринде аксакалдар сотунун чечими чыгарылган материалдарды кароого укуксуз.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-19" title="19-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>