# 18-берене. Аксакалдар сотунун мүчөсүн анын курамынан чыгаруу

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 18-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-18

---

1. Аксакалдар сотунун мүчөсү анын курамынан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылат:

1) аксакалдар сотунун мүчөлүгүнөн баш тартуу;

2) аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өлүмү;

3) жашаган жеринин өзгөрүшү (ошол калктуу конуштан көчүп кетүүсү);

4) соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) аксакалдар сотунун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу.

2. Аксакалдар сотунун мүчөсү төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алынат:

1) эгерде ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албаса;

2) аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген татыксыз жүрүм-турумуна жана жоруктарына байланыштуу.

3. Мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө чечим жашоочулардын демилгеси боюнча же аксакалдар сотунун сунушу боюнча аны аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө шайлаган тиешелүү аймактын бөлүгүнүн жашоочулары тарабынан кабыл алынат.

Аксакалдар сотунун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө жашоочулардын чогулушу 50дөн кем эмес адам (жашоочу) катышканда чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет. Чечим катышып олтургандардын көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө жашоочулардын чогулушунун чечими аксакалдар сотунун жыйналышында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган аксакалдар сотунун макулдугу менен гана күчүнө кирет.

4. Чыгарылган же мөөнөтүнөн мурда чакыртып алынган аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ордуна жаңысын шайлоо ушул Мыйзамдын 16-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда жана 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча аксакалдар сотунун курамынан чыгарылган адам аксакалдар сотунун мүчөсү болуп кайра шайлана албайт.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-19)
