# 17-берене. Аксакалдар сотун каттоо

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 17-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-17

---

1. Аксакалдар соту шайланганы жөнүндө тиешелүү документтер берилгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында эсепке алуучу каттоодон өтөт.

2. Аксакалдар сотун эсепке алуучу каттоо үчүн аксакалдар сотунун шайланган мүчөлөрү колтамга койгон аксакалдар сотунун арызы берилет, ага төмөнкүлөр тиркелет:

1) аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн шайланганын тастыктаган жашаган жери боюнча жарандардын чогулушунун протоколу;

2) аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн паспортторунун же ким экенин ырастаган башка документтеринин көчүрмөлөрү;

3) аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн иш жүзүндө жашаган жери тууралуу маалыматтар;

4) аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

Документтердин көчүрмөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы тарабынан күбөлөндүрүлөт.

3. Каттоону жүргүзгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-18)
