# 15-берене. Аксакалдар сотторун түзүүнүн принциптери

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 15-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-15

---

1. Айылдык аймактарда жана райондук маанидеги шаарларда аксакалдар соттору бир калктуу конуш - бир аксакалдар соту же болбосо бир айылдык аймак жана бир шаар - бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.

2. Республикалык жана облустук маанидеги шаарларда аксакалдар соттору төмөнкүдөй принципте түзүлөт:

1) эгерде жашоочулардын саны 25 миңден ашпаса - бир аксакалдар соту;

2) эгерде жашоочулардын саны 25 миңден 50 миңге чейин болсо - эки аксакалдар соту;

3) эгерде калктын саны 50 миң адамдан ашса, аксакалдар сотторунун саны ар бир кийинки 25 миң калкка пропорциялуу көбөйтүлүшү мүмкүн;

4) кичи райондору жана муниципалдык аймактык башкармалыктары/аймактык башкармалыктары бар шаарларда аксакалдар соттору калктын санына карабастан бир кичи районго - бир аксакалдар соту, бир муниципалдык аймактык башкармалыкка/аймактык башкармалыкка - бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-16)
