# 14-берене. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 14-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-14

---

1. Аксакалдар сотторунун курамына 50 жаштан жогорку курактагы, кеминде жалпы орто же кесиптик орто билимге ээ, ушул аймакта жашаган, соттуулугу жок, тиешелүү аймактын калкынын арасында сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болгон, ишкердик жана адамкерчилик сапаттары боюнча ушул Мыйзамда белгиленген аксакалдар сотторунун милдеттерин аткарууга жөндөмдүү болгон, расасына, этностук таандыктыгына карабастан, гендердик балансты сактоо менен Кыргыз Республикасынын жарандары шайлана алышат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, ошондой эле көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктигинин (ТМЭ) төрагалары аксакалдар сотунун мүчөлөрү боло албайт.

3. Соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адамдар аксакалдар сотунун мүчөлөрү боло албайт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-15)
