# 11-берене. Аксакалдар сотунун өндүрүшүнүн маалымдуулугу

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5280/edition/3049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001722/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 11-берене (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-11

---

1. Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт.

2. Аксакалдар сотунун жабык жыйналышы ишке катышып жаткан, он сегиз жашка толо элек адамдардын жашоосунун жеке жактары жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, ошондой эле жеке жана башка мүнөздөгү сырды камтыган башка иштер боюнча жүргүзүлөт.

3. Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбө катары катышуусуна жол берүүгө тыюу салынат.

4. Аксакалдар соту жыйналыштын катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн угууга жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүндө жана жыйналыштын катышуучуларында болгон документтерди жарыялоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722/st-12)
