11-берене. Аксакалдар сотунун өндүрүшүнүн маалымдуулугу
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 1-глава
1. Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт.
2. Аксакалдар сотунун жабык жыйналышы ишке катышып жаткан, он сегиз жашка толо элек адамдардын жашоосунун жеке жактары жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, ошондой эле жеке жана башка мүнөздөгү сырды камтыган башка иштер боюнча жүргүзүлөт.
3. Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбө катары катышуусуна жол берүүгө тыюу салынат.
4. Аксакалдар соту жыйналыштын катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн угууга жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүндө жана жыйналыштын катышуучуларында болгон документтерди жарыялоого милдеттүү.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-11" title="11-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>