# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ N 11 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ N 11 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001707>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230001707/edition/3033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001707.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ N 11 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгы (30.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001707

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 30-январы ПЖ № 11 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын түзүү жөнүндө Улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруу жана илимий-педагогикалык кадрларды көп деңгээлдүү даярдоонун бирдиктүү системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча илимий-изилдөө базасын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясынын уставын бекитсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
