Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ N 11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 30-январы ПЖ № 11 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын түзүү жөнүндө Улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруу жана илимий-педагогикалык кадрларды көп деңгээлдүү даярдоонун бирдиктүү системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча илимий-изилдөө базасын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясынын уставын бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 57