Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 31 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 „Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указа Президента КР от 1 августа 2025 года УП № 226 "О формировании и функционировании резерва кадров на отдельные политические государственные должности, политические и административные муниципальные должности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-01.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 19-февралы ПЖ № 31
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:
"221. Кыргыз Республикасында пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган айыл өкмөтүнүн башчылары пилоттук мезгилде кошумча конкурстук жол-жоболорду өтпөстөн квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда арызы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 14 (3567) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 "Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына…Указ · 01.08.2025 · № 226
- Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө…Положение · 05.11.2021 · № 521 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 "Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына…Указ · 01.08.2025 · № 226
- КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2021 · № 521 · Күчүн жоготкон