# Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 1-июнундагы № 39-п "Байтик айыл аймагындагы тартип бузууларды текшерүү комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 1-июнундагы № 39-п "Байтик айыл аймагындагы тартип бузууларды текшерүү комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39-п
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23596/edition/3022/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 1-июнундагы № 39-п "Байтик айыл аймагындагы тартип бузууларды текшерүү комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому (01.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001692

---

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 4 заседание Байтикского айылного кенеша 29 созыва 2023-жылдын 1-июну № 39-п Байтик айыл аймагындагы тартип бузууларды текшерүү комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 “Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 55-б “Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана укук бузуулардын бирдиктүү реестри” боюнча протоколун карап жана талкуулап, Республика Байтик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байтик айылдык округунун аймагындагы укук бузууларды кароо боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык төмөнкү курамда бекитилсин:

- Ниязалиев Малик Сааданович - комиссиянын төрагасы;

- Муктарканов Бактыбек Муктарканович - комиссиянын мүчөсү;

- Абдылдаева Дамира Кожобековна - комиссиянын мүчөсү;

- Сыргаков Жолдошбек Сыргакович - комиссиянын мүчөсү;

- Орозова Кулина Шаршенкуловна - комиссиянын мүчөсү;

- Атабаев Смар Карпатаевич – член комиссии;

- Байтик айыл аймагынын аймактык тескөөчүсү;

- Айыл башчылар.

2. Комиссия ар ай сайын тиешелүү кызматтарга «Бузуулар жөнүндө» иштерди кароо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берип турат;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

Төрага

К. Осмоналиев
