# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001680)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001680/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5279/edition/3013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001680/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (16.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001680/st-2

---

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-беренеде:

а) 1-пункт "мамлекеттик жөлөкпул -" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

б) 4-пункт "пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар -" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 14-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул майыптыгы боюнча пенсия дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин улантылып төлөнөт.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001680/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001680/st-3)
