2-берене
Күчүндө · 16.02.2024 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 1-пункт "мамлекеттик жөлөкпул -" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-пункт "пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар -" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 14-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул майыптыгы боюнча пенсия дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин улантылып төлөнөт.".
Берененин тексти 16.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001680/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>