Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу (кабыл алынуусу) тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 13-декабры № 1688-VII “1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу (кабыл алынуусу) тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 20-октябрындагы чыг. № 18-8841) “1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу (кабыл алынуусу) тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Н.А. Азыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.