# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 342 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 342 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 342
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230001457/edition/2806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-декабрындагы ПЖ № 342 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001457

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 13-декабры ПЖ № 342 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:

- 10-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен анын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын кызмат ордуна дайындоого жана ээлеген кызмат ордунан бошотууга сунушу боюнча консультация өткөрөт;";

- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө 5 жылдан кем эмес жетектөөчү иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров
