# Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-сентябры № 51-п "Административдик-аймактык реформанын алкагында Байтик айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-сентябры № 51-п "Административдик-аймактык реформанын алкагында Байтик айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 51-п
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23473/edition/2801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-сентябры № 51-п "Административдик-аймактык реформанын алкагында Байтик айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө" токтому (19.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001449

---

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Байтик айылдык кеңешинин 7 отуруму 29-чакырылыш

2023-жылдын 19-сентябры № 51-п Административдик-аймактык реформанын алкагында Байтик айыл аймагынын атын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, 2023 – жылдын 10 – августундагы Байтик айыл аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Байтик айыл аймагынын административдик – аймактык реформалоо боюнча Байтик айыл аймагынын атын “Байтик Баатыр атындагы айыл аймагы” атына өзгөртүү долбоорун карап жана талкуулап, "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Байтик айылдык кеңешинин кезексиз №7 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Байтик айыл аймагынын” аталышы “Байтик Баатыр атындагы айыл аймагы” деп өзгөртүлүп, борбору жана чек арасы өзгөрүүсүз калтырылсын;

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча Мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.

3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

Төрага

К. Осмоналиев
