# 1-берене

- Документ: ["Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргиз тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230001426)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 38 ""Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргиз тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001426/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23459/edition/2751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001426/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргиз тууралуу, 1-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001426/st-1

---

"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар.";

2) 7-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Финансылык чалгындоо органына кызматка кирүү, финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө жана аны токтотуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";

3) 10-берененин 2-бөлүгүндө "Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилерине жана кызматчыларына" деген сөздөр "Финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилерине жана кызматкерлерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 19-берененин 3-бөлүгү "филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле туунду жана көз каранды коомдорунун" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 32-берененин 5-бөлүгү "кызмат адамдары (кызматкерлери)" деген сөздөрдөн кийин "финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү жибергендиги үчүн жана" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001426/st-2)
