# Байтик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-февралы № 80 "Калктуу коңушуна Иманалы Айдарбековдун ысымын ыйгаруу" жөнундө токтому

- Толук аталышы: Байтик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-февралы № 80 "Калктуу коңушуна Иманалы Айдарбековдун ысымын ыйгаруу" жөнундө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23451/edition/2732/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Байтик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-февралы № 80 "Калктуу коңушуна Иманалы Айдарбековдун ысымын ыйгаруу" жөнундө токтому (16.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001415

---

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Байтик айылдык кеңешинин 22 отуруму 28-чакырылыш 2022-жылдын 16-февралы № 80 Калктуу коңушуна Иманалы Айдарбековдун ысымын ыйгаруу

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25 сентябрындагы №67 “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар” Мыйзамынын 5-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августунда №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарын эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобонун 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде жана Байтик айылдык кеңешинин токтомун аткаруу максатында Байтик айыл өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Калктуу коңушка Иманалы Айдарбековдун ысымы ыйгарылсын;

2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына И.Айдарбековдун ысымы менен калктуу коңушка макам беруу өтүнүчү жиберилсин;

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча Мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

Төрага

А. Джумагулов
