# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 03 "Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине Дуулат уулу Илья атын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 03 "Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине Дуулат уулу Илья атын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 03
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23449/edition/2722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-октябры № 03 "Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине Дуулат уулу Илья атын ыйгаруу жөнүндө" токтому (10.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001410

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 10-октябры № 03 Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине Дуулат уулу Илья атын ыйгаруу жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,36,39-беренелерине ылайык, ошондой эле № 4 орто мектебинин директору А.А.Саргалдаеванын Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине “Дуулат уулу Илья” атын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусун эске алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын №4 орто мектебине Дуулат уулу Илья аты ыйгарылсын.

2. Бул токтом Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М. Дуйшеналиев
