# 9-берене. Мамлекеттик токой фондунун токой өстүрүү фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5274/edition/2673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001400/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 9-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-9

---

Токой өстүрүү фонду - мамлекеттик токой фондунун токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо үчүн жарактуу болгон токойлуу жана токойсуз жерлеринин участоктору. Токой өстүрүү фондунун жерлеринде токойлорду калыбына келтирүү иши токою суюк, кыйылган, өрт чалган, бош, сейрек дарактуу жерлерде жана дарактары куурап калган участоктордо жүргүзүлөт. Токой өстүрүү фондунун жерлеринде токой өстүрүү айыл чарба жерлеринде, бузулган жана деградацияланган жерлерде жүргүзүлөт. Анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо токой жерлеринде жүргүзүлөт. Токой өстүрүү фондунун участоктору токой жайгаштырууда аныкталат. Токой өстүрүү фондун аныктоо жана өздөштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-10)
