# 7-берене. Мамлекеттик токой фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5274/edition/2673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001400/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 7-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-7

---

Токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн берилген, мамлекеттик менчикте турган бардык токойлор жана жерлер мамлекеттик токой фондун түзөт. Мамлекеттик токой фондунун жерлерине токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн арналган токойлуу жана токойсуз жерлер кирет. Токойлуу жерлерге токой баскан жана токой баспаган жерлер кирет. Токой баскан жерлер - жасалма өстүрүлгөн жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер. Токой баспаган жерлер - жыш эмес токой өсүмдүктөрү, токой питомниктери, кыйылган, өрт чалган, сейрек дарактуу, ачык, бош жаткан жерлер. Токойсуз жерлерге токойлор менен бирге жаратылыш комплексин түзүүчү айыл чарба жана башка жерлер, ошондой эле чарбалык ишке байланыштуу объекттерди курууда токойлору бузулган жерлер (жолдор, өрткө каршы ажырым тилкелер, электр берүүчү линиялардын трассалары жана өткөргүч түтүктөр) кирет. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жер фондунун башка категориялардагы жерлеринен бөлүп турган чектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-8)
