# 272-берене. Токойлорду биргелешип башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5274/edition/2673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001400/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 272-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-272

---

Токойлорду биргелешип башкаруу токойду башкаруу боюнча токой чарбалык иш-чараларды биргелешип аныктоо жана аткаруу үчүн ар кандай өнөктөштөрдүн - мамлекеттик, жеке жана коомдук түзүмдөрдүн биригишине жана кызматташуусуна багытталган процесстердин жана жол-жоболордун ар кандай түрлөрүн билдирет. Токойлорду биргелешип башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

23) 28-берененин биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

24) 29 жана 30-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"29-берене. Токойлордун статусу Кыргыз Республикасындагы токойлор жаратылышты коргоочу болуп саналат, кыртышты коргоочу, сууну коргоочу, климатты жөнгө салуучу, санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу, көмүртектин диоксидин жутуунун эсебинен климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн терс кесепеттеринин алдын алуучу функцияларды, башка функцияларды аткарат жана мамлекеттин өзгөчө кайтаруусунда турат. Токойдун экологиялык, экономикалык жана социалдык маанисине, анын аткарган функцияларына ылайык токойду корголуу категориялары боюнча бөлүштүрүү жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-26)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-30)
