26-берене. Токой чарба мекемеси
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү токой чарба мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылат. Токой чарба мекемесинин уюштуруу-укуктук формасы, укуктук статусу жана иши жөнүндө жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Токой чарба мекемеси жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо: токой үрөн участокторун түзүү, токой үрөндөрүн даярдоо жана кайра иштетүү, көчөт материалдарын өстүрүү, токой өсүмдүктөрүн түзүү, анын ичинде агротехникалык камкордуктар жана табигый жаңылануусуна көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралар;
- плантацияларды түзүү;
- токойду багуу, анын ичинде ушул Кодекс менен белгиленген токойлорду кыюу;
- өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу: минералдаштырылган жана өрткө каршы ажырым тилкелерди түзүү;
- зыянкечтердин жана илдеттердин массалык көбөйүшүнүн алдын алуу боюнча, алар менен күрөшүү боюнча токойду коргоо иш-чараларын ишке ашыруу.";
21) 27-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 271 жана 272-беренелер менен толукталсын:
"271-берене. Жарандардын жана коомдук уюмдардын (бирикмелердин) укуктары Жарандар жана коомдук уюмдар (бирикмелер) токойлорду сарамжалдуу пайдаланууну, кайтарууну, коргоону жана жаңыртып өстүрүүнү камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди чечүүгө катышууга укуктуу. Калктын токойлордун абалы жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат. Коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес башка уюмдар токойлорго аяр мамиле жасоонун, биологиялык ар түрдүүлүктү, табигый экологиялык тутумдарды сактоонун, типтүү жана сейрек кездешүүчү жаратылыш ландшафттарын, биотопторду, токой чарба белгилерин сактоонун зарылдыгы жөнүндө жарандардын маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзө алышат. Жарандар, коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес башка уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга, токой чарбачылыгын жүргүзгөн адамдарга токойлорду пайдалануу, кайтаруу, коргоо, жана жаңыртып өстүрүү жаатында токой чарбачылыгын жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт, токойлорду талаптагыдай санитардык абалга келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле токойдогу өрттүн алдын алууга, табууга жана өчүрүүгө катышат.
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001400/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>