# 10-берене. Токойлорго кирбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5274/edition/2673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001400/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 10-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-10

---

Ушул Кодекстин 1-беренесинде көрсөтүлгөн "Токой" аныктамасына туура келбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрү токойлорго кирбейт. Токойлорго кирбеген дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүн түзүү, аны багуу, пайдалануу жана коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";

4) 3-главанын аталышында "Токой фондусуна" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 11-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 12-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-берене. Мамлекеттик токой фондун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу Мамлекеттик токой фондунун участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органга берилет. Мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды эске алуу менен мамлекеттик токой фондунун участоктору мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган тарабынан маданий-ден соолукту чыңдоо жана туристтик максаттар, илимий-изилдөө, жаратылышты коргоо жана башка иштер үчүн тиешелүү уюмдарга (менчигинин түрүнө карабастан) ижара шартында пайдаланууга берилиши мүмкүн. Мамлекеттик токой фондунун участокторун мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамынан мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик токой фондунун участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык берилүүчү мамлекеттик акт менен күбөлөндүрүлөт.

8) 14-беренеде:

а) аталышындагы жана биринчи бөлүгүндөгү "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдаланууга берүү ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде, Салык кодексинде жана башка мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";

9) 16-беренеде:

а) биринчи бөлүктө "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жер участогун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) II бөлүмдүн аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 4-главанын аталышында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 18-беренеде:

а) аталышында жана биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берененин текстиндеги "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- токой чарбачылыгын жүргүзүү үчүн статистикалык отчетту жүзөгө ашыруунун тартибин белгилөө;";

г) он бешинчи абзацта "ишканаларын" деген сөз "мекемелерин" деген сөзгө алмаштырылсын;

д) берене төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттик токой фондунун жерлерин жерлердин башка категорияларына жана жерлердин башка категорияларынан мамлекеттик токой фондунун жерлерине которуу.";

13) 19-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

14) 20-беренеде:

а) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

б) үчүнчү абзацта "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жер участокторун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- токой чарбачылыгынын маселелери боюнча статистикалык отчет жүргүзүү;";

г) алтынчы абзацта "токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдын" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

д) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын корутундусу боюнча - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлеринен чөп чабык жана жайыт жерлерди райондогу жерди пайдалануучулардын ортосунда бөлүштүрүү;";

ж) берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттик токой фондунун жерлерин тескөөдө жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыз кылуу;";

15) 21-беренеде "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16) 5-главанын аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

17) 22-беренеде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

18) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-берене. Мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу тутуму Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу тутуму өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин;

- токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органды;

- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органды;

- токой чарба мекемесин;

- мамлекеттик илимий мекемени.

Мамлекеттик токой фондун тескөө жана пайдалануу боюнча негизги функциялар улуттук токой саясатынын милдеттерине ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";

19) 24-беренеде:

а) биринчи бөлүктө:

- ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- сегизинчи абзацта "тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын катышуусу менен" деген сөздөр алып салынсын;

- он экинчи жана он бешинчи абзацтарда "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он алтынчы абзацта "токой чарбасынын" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он жетинчи абзацта "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он сегизинчи абзацта "токой чарбачылыгын" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктө "областтык жана областтар аралык" деген сөздөр алып салынсын;

в) үчүнчү бөлүктө "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

20) 25 жана 26-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25-берене. Мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органы Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт жана токойду башкаруу боюнча алар тарабынан чечилүүчү милдеттерге ылайык төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:

- токойду өрттөн (токойдогу өрттү аныктоо кызматын уюштуруу жана координациялоо, калк арасында түшүндүрүү-үгүттөө иштери, токойдогу өрттү өчүрүүнү уюштуруу), мыйзамсыз кыюулардан, жерлерди мыйзамсыз басып алуудан, мамлекеттик токой фондунун жерлеринде уруксатсыз курулуштардан жана башка токой эрежелерин бузуулардан кайтаруу;

- токойду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо (токой патологиясын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү, токойлордо санитардык эрежелердин сакталышын камсыз кылуу);

- ижарага алуу жана пайдалануу укугуна конкурстарды, токойду пайдалануучулар менен ижара мамилелерин, жыгачтарды берүүнү, токойду пайдалануучуларды контролдоону жана токойду пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн түшүүсүн уюштуруудан турган токойду пайдаланууну жөнгө салуу;

- токойлордун абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө мониторинг жүргүзүү.

Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган токойлорду коргоо, сактоо, абалына мониторинг жүргүзүү маселелерин токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жөнүндө жобого ылайык чечет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-9)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400/st-26)
