# 1-берене

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230001399)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 39 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001399/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230001399/edition/2851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001399/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001399/st-1

---

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) расмий тилдеги 7-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда "языком" деген сөз "и официальным языками" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2) 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири чыгарылат:

- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет, жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү сунушталат;

- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;

- ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт.";

3) 13-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 18-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын:

"18-1) саламаттык сактоо, билим берүү, кайрымдуулук, ыктыярдуулук жана башка чөйрөлөрдө коомдук пайдалуу ишти жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелердин курамында иш жүргүзүүгө. 18 жана 18-1-пункттарда көрсөтүлгөн иштердин түрүн жүзөгө ашыруу аткарылуучу иштин санына жана сапатына таасирин тийгизбөөгө, ошондой эле кызматчынын иштеген жеринде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш;";

4) 15-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту "түзүүгө," деген сөздөн кийин "ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001399/st-2)
