1-берене
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги 7-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда "языком" деген сөз "и официальным языками" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2) 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири чыгарылат:
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет, жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү сунушталат;
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт.";
3) 13-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 18-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын:
"18-1) саламаттык сактоо, билим берүү, кайрымдуулук, ыктыярдуулук жана башка чөйрөлөрдө коомдук пайдалуу ишти жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелердин курамында иш жүргүзүүгө. 18 жана 18-1-пункттарда көрсөтүлгөн иштердин түрүн жүзөгө ашыруу аткарылуучу иштин санына жана сапатына таасирин тийгизбөөгө, ошондой эле кызматчынын иштеген жеринде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш;";
4) 15-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту "түзүүгө," деген сөздөн кийин "ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001399/st-1" title="1-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>