# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-февралынадыгы № 42 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5273/edition/2657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001389/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 6-берене (09.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-6

---

Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн эркектерге жана аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата тийиштүүлүгүнө жараша 60 жана 55 жашка чыккан жана андан ашкан адамдар кирет;

2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар кирет;

3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган, ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган жана экиден кем эмес баласы бар, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата 18 жашка толо элек, асырап алынган же болбосо камкордукка алынган балдары бар, же болбосо жаш курагына карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар адамдар кирет;

4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга багуусунда жана тарбиялоосунда турган, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы тууралуу жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча белгиленген тартипте жүргүзүлгөн балдары бар энелер (никеде турбаган) кирет;

5) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн көп балалуу аялдарга беш жана андан көп балдары бар жана аларды тарбиялап жаткан аялдар кирет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-7)
