6-берене
Күчүндө · 09.02.2024 редакциясы
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн эркектерге жана аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата тийиштүүлүгүнө жараша 60 жана 55 жашка чыккан жана андан ашкан адамдар кирет;
2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар кирет;
3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган, ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган жана экиден кем эмес баласы бар, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата 18 жашка толо элек, асырап алынган же болбосо камкордукка алынган балдары бар, же болбосо жаш курагына карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар адамдар кирет;
4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга багуусунда жана тарбиялоосунда турган, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы тууралуу жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча белгиленген тартипте жүргүзүлгөн балдары бар энелер (никеде турбаган) кирет;
5) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн көп балалуу аялдарга беш жана андан көп балдары бар жана аларды тарбиялап жаткан аялдар кирет.
Берененин тексти 09.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001389/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>