# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-февралынадыгы № 42 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5273/edition/2657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001389/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 4-берене (09.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-4

---

1. Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам тууралуу зарыл маалыматтар жок болгондо, ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.

Ушул Мыйзамды аткаруу жүктөлгөн соттор (судьялар) мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон материалдарды тийиштүү мекемелерден суратып алууга укуктуу. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш. Сот (судья) жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча өкүм же токтом чыгарат.

2. Соттук отурумда ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселени кароодо прокурордун катышуусу милдеттүү.

3. Жазаны өтөө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-5)
