4-берене
Күчүндө · 09.02.2024 редакциясы
1. Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам тууралуу зарыл маалыматтар жок болгондо, ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.
Ушул Мыйзамды аткаруу жүктөлгөн соттор (судьялар) мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон материалдарды тийиштүү мекемелерден суратып алууга укуктуу. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш. Сот (судья) жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча өкүм же токтом чыгарат.
2. Соттук отурумда ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселени кароодо прокурордун катышуусу милдеттүү.
3. Жазаны өтөө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
Берененин тексти 09.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001389/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>